X Баку эл аралык китеп көргөзмөсүнүн алкагында Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү жазуучусу, Казакстандын коомдук ишмери Кемел Токаевдин Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан азербайжан тилинде жарык көр...
Xəbərlər
X Баку эл аралык китеп көргөзмөсүнүн алкагында Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү жазуучусу, Казакстандын коомдук ишмери Кемел Токаевдин Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан азербайжан тилинде жарык көргөн “Өзгөчө тапшырма” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү
Баку шаарында көрүнүктүү казак жазуучусу жана коомдук ишмер Кемел Токаевдин азербайжан тилиндеги “Өзгөчө тапшырма” китебинин бет ачары болду.
Китепти басып чыгаруу Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан уюштурулган. Китептин бет ачары Баку Эл аралык 10-китеп көргөзмөсүнүн алкагында өттү.
Иш-чарага Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси Малик Отарбаев, Казакстандын Азербайжандагы элчиси Алим Байель, парламент депутаттары, Азербайжандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.
Актоты Раимкулованын айтымында, түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсандарынын чыгармачылыгын жайылтуу Түрк маданияты жана мурасы фондунун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Бул багытта Фонд “Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандары”, “Түрк адабиятынын берметтери”, “Түрк дүйнөсүнүн илимий берметтери” сыяктуу китептердин сериясын басып чыгарууда.
«Түрк адабиятынын берметтери» сериясынан чыгаан казак жазуучусу жана коомдук ишмер Кемел Токаевдин «Өзгөчө тапшырма» китеби фонддун кезектеги чыгарылышы. Кемел Токаев түрк маданиятынын жана сөз өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Жазуудан тышкары журналистика менен алектенип, Казакстандын маанилүү маданий-социалдык көйгөйлөрүн чагылдырган», - деп белгиледи Актоты Раимкулова.
Малик Отарбаев катышуучуларга Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан салам жолдоду. Ал өз сөзүндө Кемел Токаев казак адабиятында детектив жанрынын пайдубалын түптөгөн жазуучу экенин белгиледи.
«Ал ар бир эмгегин архивдик маалыматтарга таянып жазган. Ал мезгилдин духун багындырып, тарыхта унутулгус из калтырды», - деди кеңешчи.
Малик Отарбаевдин айтымында, азербайжан тилине которулган чыгарманын китеп көргөзмөсүндө көрсөтүлүшү Баку шаарынын тургундары үчүн чоң мааниге ээ. Жазуучунун ар бир жазган чыгармасы кийинки муундарга калтырылган мурас.
Азербайжандын эл жазуучусу Анар Рзаев Казакстанга болгон сүйүүсү бар экенин айтып, залкар жазуучу Абай тууралуу макала жазууга түрткү болгон. Боордош казак элине болгон сүйүүсүн белгилеген жазуучу Кемел Токаевдин чыгармачылыгына да чоң урмат-сый менен мамиле кылган.
Белгилүү Азербайжан жазуучусу Чынгыз Абдуллаев бул басылма Азербайжан жана Казакстан элдеринин ортосундагы маданий жана адабий байланыштарды мындан ары бекемдөөгө салым кошоорун, ошондой эле окурмандар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынарын баса белгиледи. Ч. Абдуллаев детективдик жанрдын жазуучусу катары Кемел Токаевдин укмуштуудай татаал жана кызыктуу тагдырына таң калганын баса белгиледи.
Азербайжандын улуттук илимдер академиясынын президенти академик Иса Габиббейли Кемел Токаевдин китебин азербайжан тилинде басып чыгаруу окурмандарга казак адабиятынын ишмеринин чыгармачылыгы менен дагы да жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Азербайжандагы Ататүрк борборунун директору академик Низами Жафаров китеп тууралуу ой бөлүштү.
Милли Межлистин Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар боюнча комитетинин төрагасы Фазил Мустафа Кемел Токаевдин ишмердүүлүгүнө токтолуп, мындай иш-чараларды салтка айландыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Басылманын котормочусу Рабига Назимгызы, редактору Акпер Гошалы.
Презентациянын катышуучулары ошондой эле К.Токаевдин чыгармаларынын жогорку көркөмдүк баалуулугун белгилешти.
Белгилей кетсек, Түрк маданияты жана мурасы фондунун ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү жазуучуларынын китептерин эл аралык аренада Түрк дүйнөсүнүн бай мурасын жана көп кылымдык тарыхын жайылтуу жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүү максатында ар кыл түрк тилдеринде басып чыгаруу болуп саналат.