Түркиянын Стамбул шаарында Түрк маданияты жана мурасы фондунун демилгеси менен өткөрүлгөн Түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу программасы жыйынтыктоочу семинарлар менен...

Xəbərlər

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк маданияты жана мурасы фондунун демилгеси менен өткөрүлгөн Түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу программасы жыйынтыктоочу семинарлар менен аяктады

27 sentyabr 2024 15:52

Түркиянын Стамбул шаарында түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу программасынын алкагында илимий-практикалык семинар өттү.
Семинардын биринчи сессиясында катышуучулар өз өлкөлөрүндө маданий мурастарды коргоону колдонуу ыкмалары, булактары жана бул жааттагы мыйзамдар тууралуу айтып беришти. Мекемелер жана өлкөлөр ортосундагы координацияны күчөтүү, бирдиктүү мыйзамдарды иштеп чыгуу жана агартуу иштерин жүргүзүү максатында маданий мураска байланыштуу мүмкүн болуучу долбоорлор жана программалар да талкууланды.
Экинчи сессияда Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Венгриянын, Түркмөнстандын өкүлдөрүнөн турган катышуучулар өз өлкөсүндөгү маданий мурастарды коргоо боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн иши тууралуу мазмундуу баяндама жасашты.
Бул отурумга кабыл алуучу өлкөнүн - Дарданелл согуштарынын Галлиполи тарыхый аймагынын түрк башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө орун алган "Түрк дүйнөсүндөгү маданий мурас жана сактоо" панелинде сөз сүйлөгөн Түркиянын Йылдыз техникалык университетинин профессору Зейнеп Гүл Унал, Ливерпуль университетинин профессору Жеймс К.Рип жана профессор Сумьен Бандьопадхай баяндамаларын беришти.  
2024-жылдын 23-27-сентябрында Түрк маданияты жана мурасы фондунун демилгеси менен ишке ашырылган Түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу программасы фонддун президенти Актота Раимкулованын, IICAS директору Эврен Рутбилдин жана Стамбул Коммерциялык университетинин эксперттик кеңешинин төрагасы Исрафил Кураланын жыйынтыктоочу баяндамалары менен аяктады. Андан кийин катышуучуларга сертификаттар берилди.  
Түрдүү иш-чараларды өткөрүү жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарынын администраторлорунун өз ара аракеттенүүсүн камтыган тажрыйба алмашуу программасынын алкагында жаңы долбоорлорду жана изилдөөлөрдү ишке ашырууга мындан ары да салым кошо турган жаңы кызматташтыктын пайдубалы түзүлдү.

Copyright © 2015 - 2026 itchf Azərbaycan. Bütün hüquqlar qorunur