Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти COP29 алкагындагы 2-жогорку деңгээлдеги министрлер диалогунда сөз сүйлөдү...

Xəbərlər

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти COP29 алкагындагы 2-жогорку деңгээлдеги министрлер диалогунда сөз сүйлөдү

15 noyabr 2024 00:53

2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжандын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Бразилиянын Маданият министрликтери тарабынан уюштурулган маданиятка негизделген климаттык иш-аракеттер боюнча 2-жогорку деңгээлдеги Министрлер диалогу Азербайжандын төрагалыгы астында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциясына катышкан тараптардын конференциясынын (COP29) 29-сессиясынын алкагында өттү.
Жыйын Азербайжандын маданият министри Адил Каримлинин кириш сөзү менен ачылды. Иш-чарага Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова да катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн Актоты Райымкулова климаттын өзгөрүүсү адамдардын жашоосунун ар кандай чөйрөсүнө, анын ичинде маданиятка да таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи: «Глобалдык жылуулуктун, суу ташкындарынын, кыйроолордун, табигый кырсыктардын, жер титирөөлөрдүн шартында маданий объектилерибиз да коркунучта. Биз материалдык жана материалдык эмес мурастын уникалдуу эстеликтерин калыбына келтирүүгө даяр болушубуз керек. Тарыхый объектилердин так, бышык жана санариптик көчүрмөлөрүн түзүү максатында Түрк маданияты жана мурасы фонду Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия жана башка көптөгөн өлкөлөрдө материалдык жана маданий мурасты, кол менен жазылган эстеликтерди, сарай комплекстерин санариптештирүү боюнча жигердүү кадамдарды жасап жатат".  “Дүйнөдөгү ар бир эстелик өзүнүн географиялык абалы жана колдонулган курулуш жана реставрациялык материалдары боюнча уникалдуу. Түрк дүйнөсүнүн маданий объектилерин жаратуучулардын тажрыйбасы жана сырлары, муундан муунга оозеки айтылып келген, уникалдуу. Түрк маданияты жана мурасы фонду бай практикалык тажрыйбага ээ болгон Түрк дүйнөсүнүн Реставраторлорунун жана тарыхчыларынын ассоциациясын түзүп, түрк өлкөлөрүнүн ар биринин эстеликтерин калыбына келтирүү боюнча тарыхый тажрыйбаны, илимий анализди жана практикалык сунуштарды айкалыштырган басылмалар боюнча ишти баштады", - деп баса белгиледи фонддун президенти. Баяндамалардын жыйынтыгында Маданият министрлеринин Жогорку деңгээлдеги 2-кеңешмесинин жыйынтыктоочу документи кабыл алынды.

Copyright © 2015 - 2026 itchf Azərbaycan. Bütün hüquqlar qorunur